• Башкы бет
  • Кыргызстанда соттолгон эки тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилгени айтылууда
14:46, 2022-ж., 14-июнь

Кыргызстанда соттолгон эки тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилгени айтылууда

Кыргызстанда соттолгон эки тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилгени айтылууда

Кыргызстанда былтыркы чек ара чырынан кийин өмүр бою абакка кесилип, кийин жазасы жеңилдеген тажикстандыктар Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусов Тажикстанга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун тажик кызматы Согд облустук прокуратурасындагы анонимдүү булакка таянып жазды.

Маалыматка караганда эки тажикстандык 2022-жылдын 7-июнунда Тажикстандын Согд облусуна жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жакын арада алардын иши кайра каралып, чечим чыгат.

Кыргыз тараптан бул боюнча расмий маалымат бериле элек. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Азаттык” радиосуна маалымат толук такталгандан кийин берилерин билдирди.

Тажикстандын эки жараны Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусов өткөн жылы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин талап-тоноого катышып, элдин тынчтыгын бузган деген шек менен кармалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...