• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуу токтотулду
10:02, 2022-ж., 14-июнь

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуу токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуу токтотулду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Окуя бүгүн, 14-июнь саат 7:00дөрдө Булак-Башы аймагында катталган.

Анда Тажикстандын чек арачылары тарабынан Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги Кыргызстадын чек ара заставасын көздөй ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да тажик постуна ок чыгарган.

«Ошол эле убакта эки тараптын тең чек арачылары дароо күжүрмөн позицияларды ээлешкен. Мындан улам, Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшүштү. Окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Ушул тапта өкүлдөрдүн  жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан атыша баштаган. Атышуу саат 8:10го барып токтогон.

Саатт 08:40ка карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч деп бааланууда.

3-июнь күнү ушул эле Булак-Башы аймагында чыр чыгып, эки тараптын чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган юолчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...