• Башкы бет
  • Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер акцияга чыгышты
14:50, -ж., 13-июнь

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер акцияга чыгышты

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер акцияга чыгышты

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына майыптыгы бар адамдар акцияга чыгышты. Жыйырмадай адам бийликтен турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Акцияда сүйлөгөндөрдүн бири президент Садыр Жапаров кабыл алышын суранды.

"Кыргызстанда майыптардын жерге, үйгө муктаж болгонуна 30 жылдан бери көңүл бурулбай келет. Биз айла жоктон ушул кадамга барып, акцияга чыгып жатабыз. Садыр Нуркожоевич бизди кабыл алууңуздарды суранабыз".

Акцияга чыккандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолукту. Ал өкмөттө дал ушул багытта мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин да Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар турак-жай маселесин чечүү талабы менен өкмөткө кайрылып келген.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөдө 198 миңден ашык адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген деп аныкталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...