• Башкы бет
  • ӨКМ: министр жоокердин сабалышы боюнча аскердик бөлүккө барды
14:33, -ж., 13-июнь

ӨКМ: министр жоокердин сабалышы боюнча аскердик бөлүккө барды

ӨКМ: министр жоокердин сабалышы боюнча аскердик бөлүккө барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 86123 аскер бөлүгүнө, куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборго барып, өздүк курам менен жолуккан.

Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда аталган аскер бөлүктө мөөнөттүк аскер кызматын өтөп жаткан катардагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалганы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Аскер бөлүктүн мөөнөттөгү аскер кызматкерлери, контракт кызматындагы сержант, прапорщик аскер кызматкерлери, аскер кызматындагы аялдар жана ошондой эле офицердик курам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары мындай иштер болбоосу үчүн алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды», — деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.

Мындан сырткары, анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жатаканасы,ашканасы, мончосу, азык-түлүк кампасы, тамактануусун жеке өзү текшерип чыкканы айтылат.

8-июнда ӨКМге караган 86123 аскер бөлүгүнүн жоокери сабалып, оор абалда ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Анын атасы 7-июнунда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына арыз менен кайрылып, контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Тга карата чара көрүүнү суранган.

Көп өтпөй прокуратура Ж. уулу Т. камакка алынганын, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун иши боюнча 6 аскер кызматкери жумуштан четтетилгенин маалымдады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...