• Башкы бет
  • Дүйнөдөгү мыкты университеттердин катарына Кыргызстанда кайсыл окуу жайы кирди?
14:25, -ж., 13-июнь

Дүйнөдөгү мыкты университеттердин катарына Кыргызстанда кайсыл окуу жайы кирди?

Дүйнөдөгү мыкты университеттердин катарына Кыргызстанда кайсыл окуу жайы кирди?

Кыргыз-Түрк «Манас» университети дүйнөдөгү мыкты университеттердин тизмесине кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим минимтрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда,“Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) басылмасынын талдоосу боюнча дүйнөдөгү 1422 мыкты университеттин рейтингинде 801-орунду ээлеген. Мунун менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети дүйнөлүк мыкты университеттердин рейтингине Кыргызстандан кирген алгачкы окуу жай болду.

2019-жылдан бери «Манас» университети Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы эң мыкты 200 университеттин катарына кошулуп келет. 2022-жылы 156-орунду ээлеген.

Быйыл QS (Quacquarelli Symonds) рейтингинде 2462 университет каралып, анын ичинен 1422си эң мыкты деп тандалган. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү университеттерден бул тизмеге Казакстандан 16, Кыргызстандан бир жогорку окуу жай кошулду. 

Дүйнөлүк рейтинге кирген университеттердин үлүшү

QS рейтинги дүйнөдөгү билим берүүнү анализдеген эң ири мекемелердин бири. Анда университеттер окуу жайдын кадыры, окутуучулардын илимий иштери, бүтүрүүчүлөрдүн иш менен камсыз болуусу, чет өлкөлүк окутуучу жана студенттердин үлүшү менен бааланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...