• Башкы бет
  • Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында курман болгондор эскерилди
14:20, 2022-ж., 11-июнь

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында каза болгондорду эскерүү өттү. Иш-чаранын алкагында митинг-реквием өтүп, анда “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, каргашалуу июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.

“Элибиз эзелтеден биримдикти, ынтымакты жогору баалап келген. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун. Ош шаарынын мэриясы июнь коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана дайынсыз жоголгондорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп белгиледи биринчи вице-мэр.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...