• Башкы бет
  • Ошто мамлекеттик тилди бузган жарнамалык тактайчалар алынууда
14:16, -ж., 11-июнь

Ошто мамлекеттик тилди бузган жарнамалык тактайчалар алынууда

Ошто мамлекеттик тилди бузган жарнамалык тактайчалар алынууда

Ош шаарында мамлекеттик тилди бузган жарнамалык тактайчалар алынууда. Кечээ, Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында өткөрүлгөн рейдде 50дөн ашуун жарнамалар алынып, эскертүүлөр берилген.

Текшерүү Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тил комиссиясы тарабынан өткөрүлүүдө.

«“Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын одоно бузулушу аныкталган. Мындан улам мыйзамсыз орнотулган жарнамалык белгилер алынып салынды. Бардык ишкерлерди жарнак белгилерин колдонууда мыйзамдарга ылайык келтирүүнү суранабыз», — деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Рейддин жүрүшүндө шаардын сырткы көрүнүшүн тийиштүү түрдө сактоого, ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди. 

Текшерүүнүн алкагында жарнак объекттерин колдонуу үчүн мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча 10дон ашык көрсөтмөлөр берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...