• Башкы бет
  • Милиция кызматкери пара менен кармалды
14:15, -ж., 11-июнь

Милиция кызматкери пара менен кармалды

Милиция кызматкери пара менен кармалды

Пара алууга шектелип кармалган милициянын үстүнөн ИИМдин ички иликтөө кызматына арыз түшкөн.

Маалыматка ылайык, А. У. аттуу жаран жол кырсык фактысы боюнча материалды кароодо маселени оң жагына чечүү үчүн Бишкек ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматкери 20 000 сом суммадагы акча каражаттарын талап кылып жаткандыгы боюнча кайрылган. 

10-июнь күнү кызматтык кабинетинде талап кылынган сумманы алуу учурунда милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Ч. У. кармалган. Андан 15 000 сом пара далил катары алынган.

Сурак жана тергөө амалдарынан кийин кызматкер Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча үзгүлтүксүз чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...