• Башкы бет
  • Июнь коогасында жоголгон 17 киши табыла элек
14:13, -ж., 11-июнь

Июнь коогасында жоголгон 17 киши табыла элек

Июнь коогасында жоголгон 17 киши табыла элек

2010-жылдагы июнь коогасында дайынсыз жоголгон 57 кишинин 17си дагы эле табылган жок. Издөө иштери уланып жатканын 10-июнда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган.

Жума күнү Ошто калабада курман болгондор эскерилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...