• Башкы бет
  • Бүгүнтөн тартып Орусиядан Ысык-Көлгө түз аба каттамдары иштеп баштайт
14:51, -ж., 10-июнь

Бүгүнтөн тартып Орусиядан Ысык-Көлгө түз аба каттамдары иштеп баштайт

Бүгүнтөн тартып Орусиядан Ысык-Көлгө түз аба каттамдары иштеп баштайт

10-июндан тарта Ысык-Көлдүн Тамчы шаарына Орусиядан үзгүлтүксүз түз аба каттамдары каттай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Бүгүндөн баштап «Урал авиалинии» авиакомпаниясы:

§«Москва-Тамчы-Москва»

§«Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург» багыты боюнча жумасына эки каттамды;

§«Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург» багыты боюнча бир каттамды аткарышат.

Ошондой эле:

§16-июндан «Аэрофлот – Россия» авиакомпаниясы «Москва-Тамчы-Москва» багыты боюнча жумасына эки каттамды;

§19-июндан «S7 Airlines» авиакомпаниясы «Новоисбирск-Тамчы-Новосибирск» жумасына бир каттамды аткара башташат.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жер үстүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу жана темир жол каттамдары да толугу менен жанданды. 16-майда Орусиянын аймагына өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөлөр алынган. 6-июндан баштап поезддердин каттамдары ачылып, «Бишкек-Казань» каттамы боюнча жумасына бир жолу, «Бишкек-Самара» каттамы жумасына эки жолу, «Бишкек-Новосибирск» каттамы сегиз күндө бир жолу кабыл алынууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...