• Башкы бет
  • Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо аземи өтүп жатат
14:09, -ж., 9-июнь

Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо аземи өтүп жатат

Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо аземи өтүп жатат

Бүгүн Кыргызстандагы бардык мектептерде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат.

Бишкек шаардык мэриясы кафе-ресторандарда бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө, жаратылыш койнунда эс алууга, сейил бактарда жүрүүгө тыюу салган.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылы аяктап жатканына байланыштуу республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борборлорунун жетекчилери менен 17-майда онлайн-жолугушуу өткөрүп, анда мектептерде акыркы коңгуроону коопсуздук талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралган.

Ошондой эле бул иш-чараны мектепте жана мектептин аймагында уюштуруу жана өткөрүү учурунда жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна окуучулардын коопсуздугун сактоо жана аны камсыз кылуу боюнча атайын иш-чара кабыл алып, ата-энелердин арасында салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...