• Башкы бет
  • Ош шаарынын боксчулары республикалык мелдеште жеңишке жетишишти
14:07, -ж., 9-июнь

Ош шаарынын боксчулары республикалык мелдеште жеңишке жетишишти

Ош шаарынын боксчулары республикалык мелдеште жеңишке жетишишти

25-майдан 29-майга чейин Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эркектер жана аялдар арасында салттуу эл аралык турнир өттү. Бул турнирге Ош шаарынан 11 мушкер катышты.

Ош шаарынын бокс боюнча башкы машыктыруучусу Турдалы Оморовдун айтымында, 60 кг салмакта 1-орунду Сейитбек уулу Мунарбек, 67 кг салмакта Нурсаид Иминжанов дагы 1-орунду багындырды. Турнирдин күмүш медалын 60 кг салмакта Азизбек уулу Баяман жана 63,5 кг салмакта Жантөрө Ташиев жеңип алса, 63,5 кг салмактагы Мирзахит Имамназаров 3-орунду ээледи.

Машыктыруучулар штабы белгилегендей, Ош шаарынын мушкерлери мындай көрсөткүчкө биринчи жолу жетишти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытайдан келген спортчулар катышкан мелдеш эркектер арасында 13, аялдар арасында 12 салмакта өттү. Өлкөбүздө 40 жылдан ашуун убакыттан бери өткөрүлүп келе жаткан турнирдин уюштуруучулары Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын бокс федерациясы болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...