• Башкы бет
  • Жаңы окуу жылынан баштап "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы окутула баштайт
14:00, -ж., 9-июнь

Жаңы окуу жылынан баштап "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы окутула баштайт

Жаңы окуу жылынан баштап "Диндердин өнүгүү тарыхы"  сабагы окутула баштайт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерге «Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 8-июнда өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Токтом боюнча өлкөнүн бардык мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта 9-класстын окуучуларына «Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окутула баштайт. Бул үчүн буга чейин иштелип чыккан окуу-методикалык комплексин толуктап, басып чыгаруу тапшырмасы берилди. Андан ары 7-8-класстын окуучуларына да предмет этап-этабы менен киргизилет.

«Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу укугу:

§диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;

§кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн “тарых мугалими” квалификациясы менен педагогикалык билими бар жарандарга берилет.

Мугалимдер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги текшерүү иштерин жүргүзгөн соң гана жумушка кабыл алына алат. Эми Билим берүү жана илим министрлиги аталган предметти окутуу үчүн окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуу курсун иштеп чыгат.

Бул предметти окутуу зарылчылыктарынын бири катары соңку жылдары дүйнө жүзүндө диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнөн социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы болуп жатканы белгиленген.

» Кыргызстанда конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган. Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш» — деп айтылат жарлыкта.

Өлкөдөгү мектептерде диндердин өнүгүү тарыхын окуу төмөнкү учурларды камтышы керек:

§окутуу заманбап илимий-методикалык ыкмаларга негизделүүгө;

§биздин өлкө үчүн дүйнөлүк жана салттуу диндер жөнүндө билим берүү окуучулардын дүйнөнү, маданиятты жана адамдын руханий жашоосун таануусуна жардам берүүгө тийиш.

Кыргызстанда 2016-жылы «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы сыноо үчүн 9-класстарга окутула баштаган. Анда бардык диндердин тарыхы камтылган китеп бысылып чыгып, 10 мектепте окутулган. Кийин окуу куралынан ката табылып эки ирет оңдолгон. Бул жолу ушул эле китепти кайрадан текшерип, оңдоп чыгып колдонуу пландалып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...