• Башкы бет
  • Депутат: Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат районундагы тилкеси курулбаса, эл митингге чыкканы калды
14:25, -ж., 8-июнь

Депутат: Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат районундагы тилкеси курулбаса, эл митингге чыкканы калды

Депутат: Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат районундагы тилкеси курулбаса, эл митингге чыкканы калды

Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районундагы тилкесин оңдоо иштери жакынкы айларда башталары айтылган менен, иш бүгүнкү күнгө чейин башталбай жатканын Жогорку Кеңештин 8-июндагы жалпы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу айтып чыкты. Ал парламент төрагасына кайрылып, маселеге көңүл буруу үчүн тийиштүү мекемелерге протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

«Ноокат жана Баткен эли ушул күнгө чейин сабырдуулук менен күттү. Азыр эл митингге чыкканга даяр болуп калды. Долбоорду япониялык JICA уюму утуп алган. Биздин бюджеттен акча кетпей жаткандан кийин өкмөт чуркап, процессти батыраак ишке ашырбайбы. Кышында «Жазда башталат деди эле, эми транспорт министринин орун басары күздө башталат» деп айтыптыр. Элди кайра-кайра эле «упчу эмдирип» алдай беребизби?» — деди ал.

Ош-Исфана жолунун Ноокат районундагы бөлүгү 50 жылдан бери реконструкциядан өтө элек. Мындан улам Ноокат районунун тургундары жолдун оңдолушун талап кылып нааразычылык билдирип келишет.

Жолдун узундугу 47 чакырымды түзөт, 1968-1971-жылдар аралыгында курулган. Бүгүнкү күндө жолдун 70 пайызы жарактан чыккан. Бул трассада 11 көпүрө бар, анын экөө авариялык абалда. Ош – Исфана жолунун курулушу 2018-жылы башталган. Өлкөдө пандемия башталган убакта иш токтоп калган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...