• Башкы бет
  • Жоокердин сабалышы боюнча аскер кызматкери камакка алынды
14:22, -ж., 8-июнь

Жоокердин сабалышы боюнча аскер кызматкери камакка алынды

Жоокердин сабалышы боюнча аскер кызматкери камакка алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. камакка алынды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан окуянын жагдайын жана башка жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан анык мөөнөттүү аскер кызматкерлерине карата уставдык эрежелерин бузган фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

6-июнунда ӨКМдин 86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштурулуп, натыйжада жоокер Б.Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткарылыгандыгы тастыкталган.

Бул факты ошол эле күнү Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Анын жүрүшүндө 7-июнунда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б. Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылган. Ал 86123 аскер бөлүгүнүн контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Тга карата чара көрүүнү суранган.

Ошол эле күнү, КЖКнин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункттунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Учурда фактыларын аныктөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...