• Башкы бет
  • "Камбар-Ата1" ГЭСинин курулушунун башталышына старт берилди
14:20, 2022-ж., 8-июнь

"Камбар-Ата1" ГЭСинин курулушунун башталышына старт берилди

"Камбар-Ата1" ГЭСинин курулушунун башталышына старт берилди

Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берилди. Бүгүн 8-июнда президент Садыр Жапаров катышкан иш чара уюштурулуп, масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.

Жапаров ГЭС курууга даярдык иштери өлкөнүн өз бюджетинен башталып, кийинчерээк инвесторлорду тартуу пландалып жатканын билдирди.

«Суунун мындан ары көбөйбөй турганын окумуштуулар, Эл аралык изилдөөчүлөр айтып келе жатат. 30 жыл мурда биз электр энергиясын экспорттоп келсек, бүгүнкү күндө импорттоп алып жатабыз. Камбар-Ата-1 ГЭСин толук ишке киргизип алсак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине өбөлгө түзөбүз. Бул экөөн толук иштетсек кубаттуулугу 1000 МВат өндүрүүгө жетишебиз» — деди президент.

ГЭСтин негизги курулушуна даярдык иштерине бир жарым миллиард сом бөлүү пландалып жатат. Ал каражатка:

§ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель;

§Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө;

§Жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын;

§автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

Учурда Казакстан жана Өзбекстан инвестиция салууга даяр экенин билдирген.

7-юнда өкмөт башчы бюджетте 18,8 миллион доллар бар экенин, курулуштун биринчи этабын бүтүрүш үчүн 3,5-5 жыл талап кылынарын, 640 МВт гидроэлектростанцияны беш жылда бүтүрүү планы бар экенин билдирген.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган.

30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...