• Башкы бет
  • Чет жактан которулган акча чет элдик валюта менен берилиши керек,-Улуттук банк
14:01, -ж., 8-июнь

Чет жактан которулган акча чет элдик валюта менен берилиши керек,-Улуттук банк

Чет жактан которулган акча чет элдик валюта менен берилиши керек,-Улуттук банк

Чет жактан жөнөтүлгөн акчаны ошол валютада берүүдөн баш тартып жаткан коммерциялык банктар аныкталса, аларга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени көтөргөн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Ал мындай көйгөйгө туш болгондор башкы банкка кайрылып, арыз жазышы керектигин айтты:

“Орусиядан акча рубль түрүндө которулса, бул жакта да рубль менен берилиши керек. Эгер банктар рубль бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурлап жатса, бул мыйзам бузуу. Ошондой фактылар болсо, бизге кайрылса, Улуттук банк тиешелүү чара көрөбүз”.

Нурбек Жеңиш мындайга туш болгондор 0(312)610486 номуру аркылуу

Улуттук банктын коомдук кабылдамасына кайрылса болорун кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...