• Башкы бет
  • Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт
14:37, -ж., 7-июнь

Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 8-июнда күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...