• Башкы бет
  • Ош: Жапалак айыл аймагынын 4 көчөсүндө жол асфальттоо иштери башталды
14:37, -ж., 6-июнь

Ош: Жапалак айыл аймагынын 4 көчөсүндө жол асфальттоо иштери башталды

Ош: Жапалак айыл аймагынын 4 көчөсүндө жол асфальттоо иштери башталды

4-июнда Жапалак айыл аймагындагы Ормон Абылов көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштери башталды. Бул иштер Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде шаардык кеңештин депутаты Канат Папишовдун демилгеси менен жүрүүдө. 4 күндүн ичинде 600 метр жол асфальтталат. Ошондой эле Шамшы Өмүралиев көчөсүндөгү 1200 метр жолго, Камил Эргешов көчөсүнүн 850 метр аралыгына, Базыбай Эргешов көчөсүндөгү 500 жолго асфальт төшөө пландалууда.

Жол куруу иштери “Ош шаардык жолдор башкармалыгы” тарабынан жүргүзүлүүдө. Жумушка 15 атайын техника жана 25 жумушчу тартылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...