• Башкы бет
  • Кыргызстанда 80 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушат
14:31, -ж., 6-июнь

Кыргызстанда 80 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушат

Кыргызстанда 80 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушат

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл аттестатка 2232 бүтүрүүчү талапкер болгон.

Ошондой эле министрлик «Артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Учурда «Алтын тамга» сынагынын жыйынтыгына апелляция арыздары кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептөө). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...