• Башкы бет
  • Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу бөгөт коюу чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдоодо
14:29, -ж., 6-июнь

Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу бөгөт коюу чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдоодо

Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу бөгөт коюу чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдоодо

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдалууда. Бул тууралуу 5-июнда “Азаттык" радиосу анын адвокаты Кайсын Абакировго шилтеме берүү менен жазды.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча апелляциялык арыз тапшырууга беш күндүк убакыт берилет.

4-июнда Бейшеналиев менен кошо президенттин тескемеси менен кызматынан Башкы прокурор Курманкул Зулушев да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган. Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...