• Башкы бет
  • Ноокатта белгисиз жарандар 30 жаштагы тургундун бутуна атып, 450 миң сом акчасын алып кетишкен
14:26, -ж., 6-июнь

Ноокатта белгисиз жарандар 30 жаштагы тургундун бутуна атып, 450 миң сом акчасын алып кетишкен

Ноокатта белгисиз жарандар 30 жаштагы тургундун бутуна атып, 450 миң сом акчасын алып кетишкен

Ноокатта борбордук базардын жанынан белгисиз үч жаран 30 жаштагы тургундун бутуна ок атып, 450 миң сом акчасын алып качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Милициянын маалыматына караганда окуя бүгүн 5-июнь таңкы саат 8:40 чамасында болгон. Жабырлануучу Ноокат шаарынын Алимбаев көчөсүндө бара жатканда аркасынан белгисиз жарандар унаа менен кууп келип, анын бутуна ок атып колундагы акча салынган баштыкты алып качып кетишкен.

«30 жаштагы тургунду ак түстүү “ДЭУ Нексия” үлгүсүндөгү унаа кууп келген. Ал токтоп жатып көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан “Тойота-Авенсис” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышуу жасаган. Кууп келген унаадан белгисиз эки жаран түшүп жабырлануучунун бутуна ок аткан. Алар кагылышкан унаанын айдоочусу түшкөндө аны дагы сол бутуна аткан» — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдүн унаасы аталган жайда калган. Жаракат алгандарга алгачкы жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлердин айтымында алардын абалдары орто.

Белгисиз жарандар карактап кеткен баштыкта 60 млн. өзбек суму сомго которгондо 450 000 сом акча болгон. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери уланып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...