• Башкы бет
  • Видеожазууларды таратпоо максатында пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды
14:22, -ж., 6-июнь

Видеожазууларды таратпоо максатында пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

Видеожазууларды таратпоо максатында пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

Ички иликтөө кызматы, ички иштер органдарынын катарын ар кандай чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзамдуулукту бузуучулардан жана коомдун көз алдында милициянын беделин түшүргөн кызматкерлерден тазалоого багытталган ишин улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-майда ички иликтөө кызматына  Б.Э. аттуу жаран кайрылып, «Искен» жана «Каниет» аттуу милиция кызматкерлери 2022-жылдын март айынан тартып арыз ээсинин телефонунан жүктөлгөн видеожазууларды таратпоо үчүн он беш миң  сом акча талап кылып жатышканын көрсөткөн.

Аталган факты  Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

«3-июнь күнү саат 20:20 чамасында талап кылынган сумманы алуу учурунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү А.И. жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү З.К.З. кармалышкан», — деп айтылат маалыматта.

Жеке тинтүү учурунда кармалгандардан буюм далилдери табылып, алынган.

Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулуп, кескин чаралар көрүлө турганын эскертет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...