
14:20, 2022-ж., 6-июнь
Бүгүн кечинде Бишкектен Казан шаарына алгачкы поезд жолго чыгат

Бүгүн 6-июнда Кыргызстандын Орусияга темир жол каттамы кайрадан ачылат. Бишкектен Казан шаарына алгачкы поезд кечинде жолго чыгат.
8-июнда Самара, 9-июнда Новосибирск шаарларына каттамдар башталат.
Орусияга поезд каттамы Казакстан аркылуу өтөт. "Кыргыз темир жолу" ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЧР тесттин вирус жок деген сертификаты талап кылынарын 25-майда эскерткен. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы суралат.
Кыргызстандын эл аралык темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон.
Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер