• Башкы бет
  • Бишкек шаардык соту Болот Темировдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок
14:14, -ж., 6-июнь

Бишкек шаардык соту Болот Темировдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту Болот Темировдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иши боюнча Бишкек шаардык соту анын мамлекеттик айыптоочулар келтирген далилдерди, милициянын сурак протоколдорун жокко чыгаруу өтүнүчүн​ канааттандырган жок.

Журналист жана жактоочусу милиция кызматкерлери Темировду кармаган учурда баңгизат табылганы камерага түшпөй калганын, баңгизатты укук коргоо кызматкерлери салып койгон деп эсептешет.

“Сот болгону беш мүнөт ичинде чечим чыгарып койду. Бул аралыкта чечимди жазганга да жетишүү кыйын. Чечимди алдын ала даярдап коюп, судья аны окуп эле берди деген пикир жаралды. Эми негизги соттук олтурумга даярданабыз”,-деп Болот Темиров Фейсбукка жазды.

Шаардык сот бул чечим боюнча билдирүү жасай элек.

18-майда бул өтүнүч Свердлов райондук сотунда да каралып, канааттандыруусуз калтырылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...