• Башкы бет
  • "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы жабылды
14:13, -ж., 6-июнь

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы жабылды

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы жабылды

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы бүгүн 6-июндан тартып убактылуу жабылып жатканын президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, парктын ичиндеги автожол оңдолот. Жолду оңдоп-түзөө иштери 10-июнда аяктайт деп пландалууда.

“Ала-Арча” паркы Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан, жалпы аянты 2280 гектар жерди түзөт. Ал жер жайы-кышы адамдар келип эс алуучу ири жайлардын бири.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...