• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуу токтоду,-Чек ара кызматы
15:08, 2022-ж., 3-июнь

Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуу токтоду,-Чек ара кызматы

Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуу токтоду,-Чек ара кызматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 3-июну саат 14.15ге карата Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогондугун маалымдайт. 

Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты.

Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүшүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...