• Башкы бет
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин 3 кызматкери кармалды
14:03, -ж., 3-июнь

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 3 кызматкери кармалды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 3 кызматкери кармалды

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин дагы 3 кызматкери кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда алар,  COVID-19 илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин алкагында кармалган.

Алар Саламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов, республикалык эмдөө борборунун директору Г. Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы С.Сатарбековдор.

Учурда кылмышка өкмөт мүчүлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешелүүлүгү иликтенүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...