• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
14:01, -ж., 3-июнь

Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Бүгүн, эртең күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетүүсү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан билдирүүлөр таратылып, кырсыктарга жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жарандарды сак болууга чакырат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...