• Башкы бет
  • Ысык-Көл милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөө ыкмасына өттү
13:59, -ж., 3-июнь

Ысык-Көл милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөө ыкмасына өттү

Ысык-Көл милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөө ыкмасына өттү

Бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунда милиция жайкы күчөтүлгөн тартипте иштөө ыкмасына өттү. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, туристтик сезон ачылганына байланыштуу жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү көзөмөлдөйт.

Министрлик жалпы Кыргызстан боюнча элди коопсуз тейлөөгө карата заманбап шарттар түзүлүп жатканын билдирип, өлкө аймагында коомдук жайларга, эл көп чогулган жерлерге, жол кырсыгы болушу ыктымал кооптуу трассаларга 2 миңден ашуун видеокамера коюлуп, мониторинг борборлору күнү-түнү иштеп жатканын билдирди. Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкты жана чет элдик жарандарды (туристтерди) тейлөөгө милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат.

Ысык-Көл жайкысын турист эң көп каттаган аймак. Мындан тышкары Кыргызстандын башка да аймактарына турист көп келген жерлер бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...