• Башкы бет
  • Кыргызстандын 70 пайыз калкы жакыр жашайт
13:48, -ж., 3-июнь

Кыргызстандын 70 пайыз калкы жакыр жашайт

Кыргызстандын 70 пайыз калкы жакыр жашайт

Кыргызстанда жакыр жашаган адамдардын саны расмий статистикада көрсөтүлгөндөн алда канча көп. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье Де Шуттерге шилтеме берүү менен жазды.

"Кыргызстанда айына миң сомдук киреше менен жашаган калктын катмары 25,3% деп көрсөтүлгөн, бирок бул так сан эмес. Дүйнөлүк банк бул көрсөткүчтү 35% жогору деп билдирген. Акыркы мезгилде мигранттардан келген каражат да азайды. Бир айда жан багууга минималдык акчаны 6 миң сом десек, анда айрыкча 16 жашка чыга элек балдардын көпчүлүгү мындан аз акчага жашап жатат. Биздин анализ Кыргызстандагы калктын 70% жакыр экенин көрсөттү", - деди.

БУУнун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье де Шуттер Кыргызстанга 23-майда келген. Ал эки апта бою Ош, Нарын, Баткен облустарын кыдырып, аз камсыз болгон калктын катмарына жолукту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жакырчылыкты жоюу боюнча кеңеш берди. Ал бул сапарынын жыйынтыгын 2023-жылы БУУнун Адам укугу кеңешинде атайын доклад менен сунуштайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...