• Башкы бет
  • Ош шаарында жолбун иттер атыла баштады
15:28, -ж., 2-июнь

Ош шаарында жолбун иттер атыла баштады

Ош шаарында жолбун иттер атыла баштады

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Ош шаарынын санэпид кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө белгисиз ит тиштеп алганы боюнча медициналык жардам сурап кайрылган 18 жаран (алардын 14ү жаш балдар) каттоого алынгандыгына байланыштуу, суранабыз:

Балдарды көчөдө кароосуз калтырбаңыздар, өзгөчө кечинде жолбун иттердин пайда болушунан этият болуңуздар. Белгисиз иттер тиштеген учурда тез арада Тез жардам кызматына (103), ошондой эле Ош шаары, Курманжан-Датка көч./157 дареги боюнча Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна кайрылуу керек, тел: (03222) 4-85-97.

Учурда бардык жабырлануучулар дарыгерлердрн кароосунан өтүп, консультация алып, аларга керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаардын аймагында эпидемияга жана эпизоотияга каршы тийиштүү иш-чаралар күчөтүлгөн. Тактап айтканда, тиешелүү кызматтарга жолбун иттерди атуу боюнча рейддик иш-чараларды баштоо тапшырмасы коюлду.

Мындан сырткары, ит ээлери атуу болгон учурда дооматы болбошу үчүн бардык тийиштүү сейилдөө чараларын, анын ичинде керектүү эмдөөлөрдү жүргүзүп, адамдарга кол салбоосу үчүн эрежелерди сактоого тийиш.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...