• Башкы бет
  • Ош шаарында сууга түшүү сезону башталды
15:23, -ж., 2-июнь

Ош шаарында сууга түшүү сезону башталды

Ош шаарында сууга түшүү сезону башталды

Ош шаарындагы Дельфин бассейнинде 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сууга түшүү сезонунун ачылышы болду. Майрамдык иш-чаралардын алкагында “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулду.

Салтанаттын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, калаадагы мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Иш-чарага Ош шаарынын бардык балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынын тарбиялануучулары чакырылган (“Боорукердик”жана “Алтын уя” интернаттары, В.Терешкова атындагы “Лотос” мектеп-интернаттары жана башкалар). Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдары чакырылып, аларга акчалай сыйлыктар, белектер жана таттуулар салынган баштыктар тапшырылды.

Балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучуларына Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан белектер жана балмуздак, демөөрчүлөр тарабынан таттуулар, ширелер жана суусундуктар берилди.

Жалпысынан иш-чарага балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынан 400дөн ашык тарбиялануучу күбө болушту.

Мындагы майрамдык иш-чаралар Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...