• Башкы бет
  • Депутаттын "Достук" өткөрмө бекети боюнча айткан сөзү боюнча Чек ара кызматы жооп берди
15:16, -ж., 2-июнь

Депутаттын "Достук" өткөрмө бекети боюнча айткан сөзү боюнча Чек ара кызматы жооп берди

Депутаттын "Достук" өткөрмө бекети боюнча айткан сөзү боюнча Чек ара кызматы жооп берди

Чек ара кызматы депутат Алишер Козуевдин кечээ, 1-июнда Жогоку Кеңештин жыйынында «Достук»  өткөрмө бекетинде чек ара кызматкерлери Өзбекстандын жарандарынан акча алып жатат деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Аталган кызматтын маалымат бөлүмү тараткан билдирүүгө ылайык, күн сайын өткөрүү пунктун реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди эске алуу менен 10 миң жана андан көп адам өтүп жатат.

«Биздин кызматкерлердин ар биринде аты жөнү жана кызматы жазылган бейджиктери бар. Ошондой эле өткөрмө пунктта жетекчиликтин, ички коопсуздук башкармалыгынын телефондору жазылган. Чек арадан өткөн кыргызстандыктар жана чет өлкөнүн жарандары кандайдыр бир мыйзам бузууларга же башка аракеттерге туш болсо кайрылса болот. Ал эми депутат суроолор боюнча УКМКнын Чек ара кызматына кайрылып, тиешелүү маалыматтарды алуусун суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Чек ара кызматы Жогорку Кеңешинин депутаты Алишер Козуевди конкреттүү фактыларга таянып, мындай билдирүүлөр менен коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырган.

Эске салсак, Алишер Козуев Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетиндеги чек арачылар өзбек жарандарынан акча жыйнап жатат деп айтып чыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...