• Башкы бет
  • Кесиптиккошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси кармалды
15:12, -ж., 2-июнь

Кесиптиккошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кесиптиккошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси М.А жана анын орун басары В.М. кармалды. Алар кызматтагы жана белгисиз адамдар менен бирге 5 миллион 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, мурдагы жетекчилер мындан сырткары дагы каржылык мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, М.А. федерациянын жетекчилигине шайлануу үчүн эмгек китепчесине жалган маалыматтарды жазганы айтылууда. Тинтүү учурунда анын үйүнүн жер төлөсүнөн электрондук аппараттар (майнинг-чарба) табылган, алардын мыйзамдуулугу да текшерилет.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...