• Башкы бет
  • Бишкек-Үрүмчү каттамы 21-июнда жанданат
14:55, -ж., 2-июнь

Бишкек-Үрүмчү каттамы 21-июнда жанданат

Бишкек-Үрүмчү каттамы 21-июнда жанданат

21-июндан тарта Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди.

Каттам шейшемби күндөрү China Southern Airlines компаниясы тарабынан аткарылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын июнь айынан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданарын билдирген. Мекеме тараткан маалыматта бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатканы айтылат.

Коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылы мартта China Southern Airlines компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы туруктуу авиакаттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткон эле.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...