• Башкы бет
  • ӨКМдин Ош шаарындагы башчысы пара берүү фактысы менен кармалды
17:48, -ж., 1-июнь

ӨКМдин Ош шаарындагы башчысы пара берүү фактысы менен кармалды

ӨКМдин Ош шаарындагы башчысы пара берүү фактысы менен кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Ж кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен катталган кылмыш иштин алкагында кармалган.

«Ал Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен МУККнын АКББнын бөлүмү  биргеликте жүргүзүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларынын натыйжасында кармалды. Бийликтен аша чабуу фактысы, тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн МУККнын АКББнын бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине пара берип жаткан», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...