
17:40, 2022-ж., 1-июнь
"Ит кутурган болушу мүмкүн": Ошто 18 адамды ит тиштеди

Ош шаарында 31-майдын кечинде 15 адамды «кутурган болушу мүмкүн» деген ит каап, алар ооруканага кайрылды. Дарыгерлер жабырлануучулар жеңил жараат алганын билдиришти.
Бул тууралуу "Т-Медиа" басылмасы Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Диля Исламовага шилтеме берүү менен жазды.
Анын айтымында, жабырлануучулардын экөө чоң кишилер, калгандары 14 жашка чейинки өспүрүм балдар. Алар ошол эле күнү рабиологиялык вакцина алып үйлөрүнө жөнөтүлдү.
«Бешөө Кара-Суу районунун тургуну, калганы шаардыктар болгон. Бактыга жараша баары жеңил жаракат алышкан. Ошол эле күнү биринчи жардам көрсөтүлдү. Кутурмага каршы вакцина алышып, үйлөрүнө кетишти. Бүгүн эрте менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна «Балким, ит башка адамдарды да тиштегендир. Дыкат карагыла» деп тапшырма бердик. Анткени аны кечээ кечинде таба алышкан эмес», -дейт ал.
Шаардык ветеринариялык башкармалыктын жетекчиси Сүйүн Абдуллаевдин маалыматы боюнча, ит жок кылынды. Анын башы экспертизага жөнөтүлгөн, жыйынтыгы келе элек.
«31-май күнү саат 23:30 чамасында бизге шаардык ооруканадан «Юго-Восток кичи районунда адамдарды ит тиштеп жатыптыр» деген маалымат келип түштү. Травматология бөлүмүнө 15 адам кайрылган экен. Жабырлануучулардын айтымында, кутурган болушу мүмкүн делген ит алдынан чыкканын эле каап кете берген. Биз иликтегенибизде жаныбар алгач Кара-Суу районуна караштуу Мамакеев эс алуу жайы тарапта төрт кишини тиштеген экен. Шаарга кечки тогуздар чамасында келген. Азыр итти атып, лабораторияга жөнөттүк. Жыйынтыгы эми чыгат».
Ош облустук ооруканасынын инфекция бөлүмүнүн дарыгерлери аларга быйылкы жылы кутурма оорусу жугуп кайрылган бейтап боло электигин кабарлашты.
Кийинчерээк Ош шаардык санэристанциясы саат 16:00гө карата ит тиштеп алгандардын саны 18ге жеткенин, анын 17 учуру "бир ит тиштеп алышы мүмкүн" деп божомолдонуп жатканын, 1 учуру, такыр башка ит итштеген окуя менен байланыштуу экенин билдиришти.
Ит же башка жаныбар тиштеген адамда кутурма оорусу пайда болушу ыктымал болгондуктан дарыгерлер мындай учурда дароо медицина жайына кайрылуу керектигин эскертип келишет.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер