• Башкы бет
  • Ош облусунун айрым аймактарында 5 күн жарык жок болот
16:30, 2022-ж., 31-май

Ош облусунун айрым аймактарында 5 күн жарык жок болот

Ош облусунун айрым аймактарында 5 күн жарык жок болот

«ОшТЭЦ-Каратай» аба чубалгысынын ремонт иштерине байланыштуу 2-3-4-5-6-июн күндөрү саат 08:00 дөн 17:00гө чейин Ош облусунун бир нече аймактарында электр жарыгын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан билдиришти.

Алар: 

Кара-Суу районунун Мады, Поселок, Чагыр, Дормастер, Баш-Булак, Каратай, Талдык, Бек-Жар, Топ-Терек, Лянгар, Лаглан, Кызыл-Ой, Тээке, Будалык, Кызыл-Тал, Ак-Жар, Миялы, Кызыл-Ордо, Эшме айылдары.

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү.

Алай районунун Гүлчө, Жошолу, Үч-Дөбө, Кабылан-Көл, Бүлөлү, Будалык, Корул, Жошолу, Алай, Үч-Дөбө, Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрү.

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Жекенди, Чоң-Алай айыл өкмөттөрү.

«Ошэлектр» жана  «Улуттук электр тармактар» ААКу электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...