• Башкы бет
  • Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу тобу Бишкекте жолукту
16:26, 2022-ж., 31-май

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу тобу Бишкекте жолукту

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу тобу Бишкекте жолукту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бишкекте өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 25-30-май күндөрү өткөн жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда болгону айтылды.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө турган болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...