• Башкы бет
  • Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт
16:24, 2022-ж., 31-май

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт

1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...