Ош шаарында Европа кинофестивалы башталды

Ошто 29-майда Европа кинофестивалы башталды. Анын алкагында «Кинобокс Семетей» кинотеатрында 4-июнга чейин чет элдик тасмалар акысыз көрсөтүлөт, деп жазат "Т-Медиа".
Фесталдын ачылышы 29-майда болуп, алгач көрүүчүлөргө «Менин агам супербаатыр» Италия, Испания тасмасы коюлду.

Фестиваль Европа күнүн майрамдоого жана Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналып уюштурулган. Шаардыктар 4-июнга чейин 11 Европа тасмаларын чет тилинде орусча субтитрлери менен көрүүгө барса болот.
Ушул эле фестиваль 21-майдан 27-майга чейин Бишкекте да болгон.
Акысыз көрсөтүлүүчү тасмалардын тизмеси:
§29-май, 18:30 — «Мой брат — супергерой» (My Brother Chases Dinosaurs), 2021, Италия, Испания;
§30-май, 16:40 — «Легкая жизнь» (Easy Living), 2019, Италия;
§30-май, 18:30 — «Безнадежное дело Хаммаршельда» (Cold Case, Hammarskjöld), 2019, Дания, Норвегия, Швеция, Бельгия;
§31-май, 16:40 — «Акаса, мой дом» (Acasă, My Home), 2020, Румыния, Финляндия, Германия;
§31-май, 18:30 — «Мадам-парфюмер» (Perfume), 2019, Франция;
§1- июнь, 18:30 — «Луццу» (Luzzu), 2021, Мальта, США;
§2 — июнь, 18:30 — «Слуги» (Servants), 2020, Словакия, Румыния, Чехия, Ирландия;
§3 — июнь, 16:40 — «Даже мыши попадают в рай» (Even Mice Belong in Heaven), 2021, Чехия, Франция, Словакия, Польша;
§3 — июнь, 18:30 — «Плохие стихи» (Bad Poems), 2018, Венгрия, Франция;
§4 — июнь,16:40 — «Товарищ ребенок» (The Little Comrade), 2018, Эстония;
§4 — июнь, 18:30 — «Олег» (Oleg), 2019, Латвия, Бельгия, Литва, Франция
Комментарийлер