• Башкы бет
  • Жалал-Абадда «Мин-Ксин» заводунун темир эритүүчү меши жарылып, 7 адам жабыркады
14:17, 2022-ж., 30-май

Жалал-Абадда «Мин-Ксин» заводунун темир эритүүчү меши жарылып, 7 адам жабыркады

Жалал-Абадда «Мин-Ксин» заводунун темир эритүүчү меши жарылып, 7 адам жабыркады

29-майда Жалал-Абад шаарынын Индустриальный көчөсүндө жайгашкан «Мин-Ксин» заводунда темир эритүүчү меш жарылган. Андан жети киши жабыркап, үчөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Өзгөчө кыраалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 30, 28, 25 жаштагы 3 эркек киши денелеринен  оор күйүк жаракат алышкан. 

Күйүп калган жарандарды «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кетип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Мындан сырткары 4 адам жеңил күйүк жаракатын алышкан. Учурда алар медициналык короодон өткөрүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.  

Кырсык катталган жерге ӨКМден жерине 3 куткаруучу тартылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...