• Башкы бет
  • Билим берүү министрлиги сыйлыктар боюнча жобону өзгөрттү
14:15, 2022-ж., 30-май

Билим берүү министрлиги сыйлыктар боюнча жобону өзгөрттү

Билим берүү министрлиги сыйлыктар боюнча жобону өзгөрттү

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу министрликтин басма мөз кызматы билдирди.

Бул жобо Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарынын түрүн, алардын укуктук статусун, ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүүнүн жана сыйлоонун тартибин аныктайт.

Министрликтин ведомстволук сыйлыктары болуп ардак грамотасы, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, «Илимдин мыктысы» төш белгиси, «Кызматташтык салымы үчүн» медалы саналат.

Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндө маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин баалоонун, таануунун, дем берүүнүн формасы болуп эсептелет.

Министрликтен белгилешкендей, «Билим берүүнүн мыктысы», «Илимдин мыктысы» төш белгилери, “«ызматташтык салымы үчүн» медалы, ардак грамота ведомстволук сыйлыктардын аталыштары мамлекеттик тилде жазылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...