• Башкы бет
  • Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке кайрылышты
14:12, 2022-ж., 30-май

Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке кайрылышты

Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке кайрылышты

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтан алынган бөлүм башчылары президентке, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага кайрылды. Алар буга чейинки кайрылуудан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктай электигин, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин аракети мыйзамсыз болгонун айтууда.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-майда аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алган.

Мындан эки аптадай мурун Бейшеналиевдин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралуу өлкө жетекчилигине кайрылган. Анда "министрдин этикасы, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы" өңдүү себептерди аташкан. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткени, Бейшеналиев сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканы" айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...