• Башкы бет
  • Ош шаарында Куарлдуу күчтөрдүн 30 жылдыгы белгиленди
14:13, 2022-ж., 28-май

Ош шаарында Куарлдуу күчтөрдүн 30 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Куарлдуу күчтөрдүн 30 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 28-майда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Алайчиев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Токтосун Сабыров, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.

Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрдүн формасынын жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ага улай күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, кеңири концерттик программа тартууланды.

М.Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, мамлекеттеги стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо үчүн аскердик кызмат өтөө маанилүү экенин баса белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...