• Башкы бет
  • Эдил Байсалов Бишкектеги тестирлөө борборуна барды
14:11, 2022-ж., 28-май

Эдил Байсалов Бишкектеги тестирлөө борборуна барды

Эдил Байсалов Бишкектеги тестирлөө борборуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги №24 мектеп-гимназиясынын базасында уюштурулган тестирлөө борборуна барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Байсалов борбордун жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө даярдыгын текшерип, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо шарттары, аудиториялардын сыйымдуулугу, ошондой эле тесттик материалдардын сакталышы жана даярдалышы менен таанышты.

Ошондой эле Билимди балоо жана окутуу усулдары борбору жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен 2022-жылдагы ЖРТнын жүрүшү тууралуу сүйлөштү.

Байсалов журналисттер үчүн брифингде мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, учурда талап кылынган жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ошондой эле абитуриенттерди жогорку окуу жайларга тапшырууда педагогикалык жана инженердик адистиктерди тандоого чакырды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...