• Башкы бет
  • Кумшекерди экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн,-Министрлер кабинет
14:09, 2022-ж., 28-май

Кумшекерди экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн,-Министрлер кабинет

Кумшекерди экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн,-Министрлер кабинет

Кумшекерди Кыргызстандын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн. Мындай тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кайыңды-Кант» заводуна барган учурда тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, заводду чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп турган. Республикага кант камышынын сырьёсун жеткирүү азыртадан эле башталды. Учурда завод ишин жандантып, ишкана өлкөнүн соода тармактарынасуткасына 550 тонна кумшекер жөнөтөт.

Буга чейин рынокту кант менен толтуруу жана ата мекендик заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын пайдалануу максатында министрлер кабинети республикага 105 миң тонна бажы алымсыз кумшекерди жана чийки кантты жеткирүүгө квота бөлүү маселесин иштеп чыккан.

«Айыл чарба министрлиги квотаны төмөнкүдөй бөлүштүрдү: 49 миң тонна чийки кант жеткирүү ата мекендик кант заводдоруна бөлүнгөн. Чийки зат Бразилиядан кымбат баада сатылып алынгандыктан сатуу баасына таасирин тийгизди. Калган көлөмү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен жеке ишканалардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Жеткирип берүү боюнча келишимдер түзүлөт. Кумшекер республикага келет», -деп айтылат маалыматта.

Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн ортосунда кумшекерди сатуу боюнча келишим түзүлдү. Ага ылайык, акция менен бир кишиге суткасына жеңилдетилген чекене баада 1 килограмм кумшекер 79 сомдон сатылат. Андан ашык сатып алууга 85 сомдон баа коюлган.

27-майда социалдык тармактарда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө кумшекер сатылбай жатканы маалым болгон. ЖМКлар кумшекердин баасы 90-95 сомго чыкканын жазды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...