• Башкы бет
  • Окуучунун сабаган мугалим эскертүү алып, мектепке кайтмай болду
14:06, 2022-ж., 28-май

Окуучунун сабаган мугалим эскертүү алып, мектепке кайтмай болду

Окуучунун сабаган мугалим эскертүү алып, мектепке кайтмай болду

Сузакта окуучуну сабаган мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган жок.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновго шилтеме берүү менен жазды.

“Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, дарылануудан кийин жумушун улантат”, - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.

26-майда социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур-токмокко алган мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тараган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча териштирүү башталганын билдирген болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...