• Башкы бет
  • В. Зеленский: Украинаны мурдагы абалга кайтаруу үчүн Путин менен сүйлөшүү керек
14:05, 2022-ж., 28-май

В. Зеленский: Украинаны мурдагы абалга кайтаруу үчүн Путин менен сүйлөшүү керек

В. Зеленский: Украинаны мурдагы абалга кайтаруу үчүн Путин менен сүйлөшүү керек

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн суверендүүлүгүн коргоо үчүн Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүү керек экенин билдирди. Соңку ирет украин-орус делегациялары көзмө-көз 29-мартта Стамбулда жолугушкан. Андан кийинки сүйлөшүүлөр онлайн уланып, көп өтпөй такыр токтоп калганы кабарланган.

Зеленский 27-майда индонезиялык аналитикалык борборго жасаган кайрылуусунда Украина Путин менен сүйлөшүүнү каалабастыгын, бирок реалдуулукту эске алып, согушту токтотуу үчүн мындай кадамга баруусу керек болушу мүмкүн экенин айтты.

"Биз бул жолугушуудан эмнени көздөйбүз? Биз суверендүү мамлекетин өзүнүн аймагындагы жашоосун калыбына келтирүүнү каалайбыз"-деген Зеленский пикиринде, Орусия азырынча олуттуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр эмес.

Зеленский ошондой эле Москваны дүйнөлүк азык-түлүк кризисин курал катары колдонуп жатканын сынга алды. Буга чейин Орусия Батыш айрым санкцияларды алса гана Украинага буудайды деңиз аркылуу экспорттоого мүмкүнчүлүк берерин билдирген.

27-майда Зеленскийдин бул билдирүүсүнө Кремлдин өкүлү жооп кайтарып жатып, Киевдин "эмнени көздөп жатканы түшүнүксүз экенин" белгиледи.

"Украин жетекчилиги такай карама-каршы билдирүүлөрдү жасап келет. Мындан улам украин тарап эмне каалап жатканы бизге толук түшүнүксүз"-деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...